Site icon Reporter.kg

Азия оюндары: Үчүнчү кыргыз мушкер чейрек финалга чыкты

Кытайдын Ханчжоу шарында өтүп жаткан Азия оюндарында кыргызстандык боксчу Өмүрбек Бекжигит уулу чейрек финалга чыкты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Өмүрбек Бекжигит уулу 80 кг салмакта таймашып, биринчи беттешинде индиялык атаандашы Чахар Лакшяны жеңген. Эми ал чейрек финалда беттешет.

Эскерте кетсек, буга чейин 63 кг салмакта Аскат Култаев жана 51 кг салмакта Нуржигит Дүйшөбаев чейрек финалга чыккан.

Азия оюндары: Дагы бир кыргыз боксчу чейрек финалга чыкты

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version