Site icon Reporter.kg

Азия оюндарына Кыргызстандан бара турган спортчулардын тизмеси

Дене тарбия жана спорт департаменти Кытайда өтө турган Азия оюндарына бара турган кыргызстандык спортчулардын тизмесин жарыялады.

Белгилүү болгондой,  мелдеш 23-сентябрдан 8-октябрга чейин Ханчжоу шаарында өтөт. Таймаш Азия өлкөлөрүнүн спортчулары арасында өтүп, ага 40тан ашык мамлекет катышат. Аталган оюндарга Кыргызстандан 230дан ашык киши барат. Анын ичинде спортчулар, машыктыруучулар, медицина кызматкерлери, кураторлор жана басма сөз кызматынын өкүлдөрү бар.

Азия Оюндарынын программасына жалпы 42 спорттун түрү киргизилген, анын ичинен кыргызстандыктар спорттун 23 түрү боюнча мелдештерге катышат.

Эскерте кетсек, Азия оюндары 1951-жылдан бери өткөрүлүп келет. Акыркы жолу 2018-жылы Индонезиянын Жакарта шаарында өткөн. Анда кыргызстандык спортчулар 2 алтын, 6 күмүш жана 12 коло медаль жеңген.

Кезектеги Азия оюндары 2022-жылы өтмөк. Бирок Кытайда коронавирус боюнча абал начарлагандыктан мелдеш 2023-жылга жылдырылган.

Курама команданын тизмеси:

Бокс:

Сууда сүзүү:

Ок атуу спорту:

Спорттук жаа атуу:

Дзюдо:

Дзюдо кыздар:

Оор атлетика:

Карате:

Жеңил атлетика:

Эркин күрөш:

Греко-рим күрөшү:

Кыз-келиндер күрөшү:

Фехтование:

Каноэ жана байдаркада сүзүү:

Заманбап спорттун беш түрү:

Таэквондо WT:

Триатлон:

Кураш:

Шахмат:

Ушу-Саньшоу:

Жиу-житсу:

Көркөм гимнастика:

Киберспорт:

Баскетбол:

Волейбол:

Футбол:

Медицина кызматкерлери:

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version