Азиянын эки жолку чемпиону, индус балбаны Сарита Мор Айсулуу Тыныбекова менен Бишкекте машыгуу өткөрүүдө. Бул тууралуу ал өзүнүн Instagram баракчасында билдирди.
Балбан кыздар бүгүн таң эрте «Ала-Арча» паркында чуркашып, андан кийин залга барып машыгышты.
Сарита Мор Айсулуу Тыныбекова менен түшкөн сүрөтүнө «эки чемпион», — деп жазды.
Белгилей кетсек, эки балбан кыз буга чейин килемде беттешип, күч сынашкан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз