Site icon Reporter.kg

Азиза Абдирасуловага Бишкек шаардык соту чечим чыгарды

Бишкек шаардык соту “Кылым шамы” укук коргоо борборунун негиздөөчүсү Азиза Абдирасуловага 3 миң сом айып салуу боюнча биринчи инстанциянын чечимин жокко чыгарды. Бул тууралуу аталган уюмдан билдиришти.

Бүгүн КР Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси (ички иштер органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө) боюнча соттук отурум өттү. Соттун өкүмү буга чейин мыйзамдуу күчүнө кирген.

Эске салсак, укук коргоочулар Азиза Абдирасулова менен Сапарбек Аргымбаев 15-ноябрда Ак үйдүн жанынан кармалган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “ички иштер органынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.  15-ноябрда Ак үйдүн жанында Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүп берүүгө каршы митинг өткөн. Бирок Азиза Абдирасулова митингдин катышуучусу эмес, плакатсыз туруп, ураан чакырган эмес. Ага карабай милициянын полковниги Т.Тюкебаев баштаган укук коргоо кызматкерлери күч менен РИИБге алып кетишкен.

Буга чейин укук коргоо кызматкерлери укук коргоочудан Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча маалыматты социалдык тармактарга жарыялабоону суранышкан. Ал камактагы активисттердин жана блогерлердин укук коргоочусу болуп, сотторго катышууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version