Азык-түлүктүн баасын жөнгө салуу үчүн бюджеттен акча бөлүндү

Азык-түлүктүн баасын жөнгө салуу үчүн бюджеттен акча бөлүндү

Базардагы бааны түшүрүү боюнча мамлекеттен миллиондогон акча бөлдүк. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов 12-мартта КТРКга берген маегинде билдирди.

Ал баалардын өсүүсүн негизги азыктардын жарымынан көбү сырттан келгени менен түшүндүрүп, баа мындан ары өсө турган болсо анда мамлекеттик жөнгө салуу ыкмасы кирерин айткан.

«Бир аз болсо да жардам болсун деп бүт республикада жармаңкелерди уюштуруп атабыз. Ишемби-жекшемби күндөрү. Мен өзүм да кыдырып, бааларды текшерип көрдүм. Ачык айтканда, жармаңкелерде деле баанын өтө төмөндөшү байкалбайт. Негизги керектеп жаткан азык-түлүк импорт болуп атат. Мына өсүмдүк майы. Өсүмдүк майынын айдоо аянттарын көбөйтүп, өзүбүздө өндүрүү аркылуу гана маселени чечсе болот. Анын 85% импорттон келет. Бизге импорт кылган мамлекеттердин өздөрүндө баа кымбаттап жатат. Биринчи өзүбүздө сырьену өндүрсөк, ишкерлер май өндүрүүгө даяр экен. 56 миң гектарды биз иштете албай жатыптырбыз. Ошол жерлерди иштетүүгө ишкерлерге жардам берели. Импортту 35% азайтсак туруктуулук пайда болот.

Кумшекердин баасы 60 сомдон ашты. Мен тапшырма бердим. Кайыңды заводу 2-3 айга чейин бааны 54 сомдон ашырбай турса. Биз жардам берели. Кызылчанын аянтын кеңейтсек деп. Негизги 12 азык-түлүккө болгон баа өсө берсе, биз дагы мамлекеттик жөнгө салуу ыкмасын киргизебиз. Бирок ага жеткирбей базардагы бааны түшүрүү боюнча мамлекеттен миллиондогон акча бөлдүк. Өсүмдүк май, кумшекерди сырттан алып келип, бааны түшүрүү аракети көрүлүп жатат. Жакынкы күндөрү муну сезе башташыбыз керек», — деген Марипов.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>