Site icon Reporter.kg

Депутаттар Монополияга каршы кызматынын ишине нааразы

Бүгүн, 3-октябрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында «Күндөлүк керектелүүчү тамак-аш азыктарына бааларды турукташтыруу боюнча өкмөт тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө, ошондой эле кыргыз-кытай чек арасында жүк ташуу менен байланышкан кырдаал жөнүндө» Жогорку Кеңештин 2021-жылдын 28-апрелиндеги №4535-VI токтомунун аткарылышы тууралуу» маселе каралды.

Жыйында баяндама жасаган Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары Женалы Орозбаев белгилегендей, Монополияга каршы кызматы тарабынан социалдык маанилүү товарлардын баасын ооздуктоо боюнча чаралар көрүлүп, эң зарыл болгон азык-түлүк товарларынын баасына мониторинг жүргүзүлүп, баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө жол берилбестиги боюнча сатуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Баяндамачы ошондой эле монополияга каршы мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө маселелери боюнча чарбалык субъектилерди текшерүүнүн жүрүшүнө токтолду.

Ж.Орозбаев азык-түлүк баасынын кескин көтөрүлүшүнүн себептерине токтолуп, бул биринчи кезекте экономикалык кризиске алып келген эл аралык кырдаалга байланыштуу экенин баса белгиледи.

Талкуу маалында депутаттар базардагы түзүлгөн кырдаал боюнча тынчсыздануусун билдирип, негизги азык-түлүккө болгон баалардын спекулятивдик өсүшүнө каршы Антимонополия кызматы тарабынан жетиштүү чаралар көрүлбөй жатканын сындашты.

Алсак, комитет төрагасы Аманкан Кенжебаев өкмөттүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жүргүзүп жаткан иштерин сынга алып, Монополияга каршы кызматтын баа саясатына реалдуу таасири жок, статистикалык маалыматтарды гана чогултуу менен алек экенин айтты.

«Тийиштүү укуктары, көзөмөл функциялары жок болсо, эмнеге мындай кызматты кармап, айлык төлөп жатабыз? Жыйынга келген Монополияга каршы кызматтын төрагасынын орун басары кызылча кандай баада сатылып жатканын билбейт экен, 5 сомдон деп жооп берүүдө. Ошондой эле «Кайыңды-Кант» комбинаты качан ишке кирээрин билбейт. Кечээ эле дыйкандар менен, заводдун жумушчулары менен жолуктум. Азырку учурда кызылча кабыл алуучу пункттарда кызылчанын баасы 6 сом 3 тыйынды түзөт», — деди А.Кенжебаев.

Ал эми депутат Султанбай Айжигитов министрлер кабинетин экономиканы өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатты кайра карап чыгып, экономиканы турукташтыруу боюнча чукул чараларды көрүүгө чакырды.

«Мен акыркы эки жылдан бери рыноктук механизмдерге ылайыкталган борбордук пландоону киргизүү тууралуу маселени көтөрүп келе жатам», — деди С.Айжигитов.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version