Site icon Reporter.kg

Бизге жеңүүчүнүн психологиясы абдан керек. Депутат балбанды куттуктады

77kg GR - Akzhol MAKHMUDOV (KGZ)

Бүгүн, 27-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков (Ыйман Нуру) кыргызстандык балбан Акжол Махмудовду жеңиши менен куттуктады.

“Бир азаматтын жеңиши бир өлкөнүн туусунун көтөрүлүшүнө, гимнинин жаңырышына себепчи болуп жатат. Бул жакшы жышаан. Ушундай баатырларыбыз көп болсун. Мындай жеңиштер жаштарга шык, дем берет. Бизге азыр жеңүүчүнүн психологиясы абдан керек”, — деп Нуржигит Кадырбаев балбанды жеңиши куттуктады.

Белгилей кетсек, 26-апрелде Казакстандын Алматы шаарында Күрөш боюнча Poddubny Wrestling League лигасынын турнири өттү. Негизги кармашта Токиодогу Олимпиада оюндарынын финалисти, дүйнө чемпиону жана Азиянын беш жолку чемпиону кыргызстандык Акжол Махмудов менен Олимпиаданын 2 жолку чемпиону, дүйнөнүн 3 жолку жана Европанын 4 жолку чемпиону орусиялык Роман Власов беттешти. Жыйынтыгында Акжол Махмудов 1:1 эсеби менен жеңишке жетти.

Poddubny: Акжол Махмудов Роман Власовду жеңип алды (видео)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Exit mobile version