Азыркы күндө, 568 ИВЛ аппараты жана 8328 кычкылтек аппараты бар. Каржы министрлиги менен биргелешип, борборлоштурулган суюк кислородду киргизүү боюнча иштер жүрүүдө. Бул тууралуу Медициналык жардам жана дары-дармектер саясаты башкармалыгынын башчысынын м.а. Нургуль Ибраева 28-сентябрда брифингде билдирген.
«Эгерде, саламаттык сактоо уюмдары суюк кислород менен иштей турган болсо, кычкылтек концентраторлору көп колдонулбайт. Компьютердик томография боюнча 7 аппараты жакында келет жана облустарга бөлүштүрүлөт. Ошондой эле, Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооуканасына жана Улуттук госпиталга комьютердик томография орнотуу пландалууда», — деп билдирди Ибраева.