Site icon Reporter.kg

Бүгүн 17 жаран коронавирустан айыкты

Кыргызстанда акыркы суткада коронавирустан дагы 17 бейтап айыкты. Бул тууралуу бүгүн, 10-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

“Бишкек ш. – 7, Ош ш. — 5, Нарын облусу — 4, Жалал-Абад облусу — 1”, – деп маалымат берилди.

Ушуну менен өлкөдө COVID-19 инфекциясынан сакайып чыккандардын саны 675 болду.

Exit mobile version