Site icon Reporter.kg

Бүгүн 494 адамга COVID жукканы аныкталды

Акыркы бир сутка ичинде Кыргызстан боюнча 494 адамдын коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова 1-августта өткөн брифинг учурунда билдирди.

“Бишкекте 112, Ош шаарында 66, Чүй облусунда 33, Ош облусунда 95, Талас облусунда 2, Нарын облусунда 16, Ысык-Көл облусунда 94, Жалал-Абад облусунда 53, Баткен облусунда 23 кишиден вирус чыкты”, — деди Акматова.

Акыркы сутка ичинде коронавирус илдетинен дарыланып жаткан 900 бейтап айыгып, үйүнө чыккан.

18-марттан 1-августка чейин өлкөдө жалпы 36299 адам коронавирус жуктуруп алган. Ал эми 26 426 адам илдеттен айыккан.

Exit mobile version