Site icon Reporter.kg

Бүгүн Иран менен Украина өлкөлөрүндө аза күтүү күнү деп жарыяланды

Бүгүн, 9-январда Украина, Иран өлкөлөрүндө аза күтүү күнү жарыяланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Кечээ, 8-январда Тегеранда Украинага таандык Боинг 737 учагы кулап, борттогу бардык жүргүнчү жана 9 экипаждын мүчөсү каза болгон. Президент Владимир Зеленский бүгүн, 9-январды өлкөдө аза күтүү күнү деп жарыялады.

Эки өлкөнүн желектери ылдый түшүрүлдү.

«Бортунда 180 жүргүнчүсү бар Boeing 737 учагы техникалык себептерден улам Имам Хомейни атындагы Тегеран эл аралык аэропортунда кулады», – деп жазылган басылмаларда.

Exit mobile version