Site icon Reporter.kg

Бүгүн Казакстанда Эгемендүүлүк күнү белгиленүүдө

Бүгүн, 16-декабрда Казакстанда Эгемендүүлүк күнү белгиленүүдө. Бул дата 33 жыл мурда Алматыдагы массалык демонстрациялар өткөн күнгө туура келет. Анда казак жаштары Советтик Казакстандын башчысы кызматына Геннадий Колбиндин дайындалышына каршы чыгышкан.

Дал ушул күнү, 2011-жылы Жаңы-Өзөн шаарында кандуу окуя болгон. Анда мунайчылардын нааразылыгы күч менен басылып, расмий маалыматтар боюнча 17 адам өлгөн.

Аталган күнгө карата Алматыда митинг өткөрүү ниетин «Oyan, Qazaqstan» жарандык кыймылы билдирген. Анын мүчөлөрү ыктымал акциялардын алдында бийликтин кысымына кабылып жатышканын айтышкан. Ал эми бийликтин эскертүүсүнө карабай бүгүн эртең менен Казакстандын шаарларында митингге чыккан  онго жакын активист кармалды.

 

Exit mobile version