•  +(996) 557 67 66 40
  •  press@reporter.kg
ЖАҢЫЛЫКТАРКООМ

Бүгүн Мамлекеттик тилдин кабыл алынганына 31 жыл толду

Бүгүн  Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тилдин кабыл алынганына 31 жыл толду.

Тактап айтканда, 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамын кабыл алып, андан соң кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамын берген. 1994-жылы мыйзамга толуктоо киргизилип, орус тилине расмий тил макамы берилген. Бул – өлкөдө мамлекеттик тил менен катар Кыргызстанда жашаган башка улуттардын да тилдери өнүгүп жатат дегендик.

Кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамынын берилиши-адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө, ошону менен бирге коомдун руханий жаңылануусуна, жаңыча ой жүгүртүүсүнө, эне тилдин кадырын көтөрүүгө ташталган зор кадам болгон.

Бул майрамды утурлай, мамлекеттик деңгээлде атайын иш-чаралар өткөрүлүп, кыргыз тилин өнүктүрүү, үйрөтүү маселелеринин тегерегинде талкуулар болуп турат.

Reporter.kg маалымат агенттигинин жалпы жамааты бардык кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктайт.

Сунушталган жаңылыктар
ЖАҢЫЛЫКТАРКООМШАЙЛОО-2020

“Кыргызстан” партиясынын Мамлекеттик тил күнүнө карата куттуктоосу

ЖАҢЫЛЫКТАРКООМ

Тил күнүнө карата мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери арасында сынак уюштурулат

Комментарий кош

Сиздин э-почта сайтта көрсөтүлбөйт. Зарыл түрдө толтуруу керек болгондор *