Site icon Reporter.kg

Бүгүн Манас Ниязов мурдагы командасы “Достукка” каршы ойнойт

Бүгүн, 17-мартта Нооруз майрамына карата Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда көк бөрү боюнча Жогорку лиганын оюндары башталат.

16-мартта ташталган чүчү кулактын жыйынтыгы менен 6 команда эки тайпага бөлүндү.

А тобунда: “Ынтымак”, “Сары-Өзөн”, “Жаш-Күч” командалары ойнойт.

Б тобунда: “Достук”, “Мурас”, “Ала-Тоо” командалары күч сынашат.

Бүгүн саат 11:00дө «Сары-Өзөн» – «Жаш-Күч» беттешсе, 12:45те «Достук – Ала-Тоо» жааттары таймашат.

Белгилей кетсек, Манас Ниязов “Ала-Тоо” командасына өткүчө “Достуктун” курамында ойногон.

Exit mobile version