Site icon Reporter.kg

Бүгүн «Медиа топтоо – 2020» форуму онлайн өтөт

«Медиа топтоо – 2020» III индустриалдык форуму коронавирус пандемиясына байланыштуу быйыл биринчи жолу онлайн-форматта өтөт. Форум 25-29-апрель күндөрү саат 15:00-18:00 аралыгында Zoom платформасында болот. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.

Бул жылы «Медиа топтоо» форумунда Кыргызстандагы медианын абалы жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын пандемия учурундагы мүмкүнчүлүктөрү талкууланат. Ушундай шартта кантип иштөө керектиги тууралуу презентация да болот.

Адамдарга кызыктуу онлайн контент жасоо, пандемия шартында аудитория алдындагы жоопкерчилик маселелери каралат.

«Медиа топтоо» форуму Бишкекте алгачкы жолу 2018-жылы өткөн.

Exit mobile version