Site icon Reporter.kg

Бүгүн “Ордо-сахна” фольклордук ансамбили концерт берет

Бүгүн Бишкектеги Улуттук филармонияда  “Ордо Сахна” фольклордук-этнографиялык театрынын 20 жылдыгына арналган концерт болот. Бул тууралуу театрдын Фейсбуктагы баракчасына жарыяланган.

“Юбилейлик концертте этникалык кийимдердин коллекциялары, бий, ошондой эле «Ордо сахна» театрынын репертуарындагы эң мыкты чыгармалар аткарылат”, — деп жазылган анда.

Ордо-сахна этно фольклордук ансамбили 1999-жылы негизделген.

Ансамбль кыргыздын фольклордук музыкасын кайра иштеп чыгып, дүйнө жүзүнө таанытуу менен бирге, улуттук руханий казынага салым кошуп келет.

Exit mobile version