Бүгүн өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаайт

Бүгүн өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаайт

Бүгүн,  29-ноябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Бул тууралуу “Кыргызгидромет” борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 29-ноябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы ыктымал, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз -3…-8; Талас жергесинде түнкүсүн -12…-17, күндүз -3…-8;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -3…-8, күндүз -3…+2;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…-5;

Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -3…-8; Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -20…-25, күндүз -13…-18 градус болот.

Бишкекте мезгил-мезгили менен кар жааайт. Абанын температурасы түнкүсүн -7…-9 күндүз -3…-5 градус болот.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>