2-ноябрда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 2…7, күндүз 13…18;
Таласта түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18;
Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 5…10, күндүз 15…20;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…+4, күндүз 12…17;
Нарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 12…17;
Бишкекте жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7°, күндүз 16…18° градус болот.