Site icon Reporter.kg

Бүгүн 565 адамга COVID жукканы аныкталды

Акыркы бир сутка ичинде Кыргызстан боюнча 565 адамдын коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова 5-августта өткөн брифинг учурунда билдирди.

“Бишкекте 190, Ош шаарында 84, Чүй облусунда 45, Ош облусунда 64, Талас облусунда 43, Нарын облусунда 13, Ысык-Көл облусунда 41, Жалал-Абад облусунда 47, Баткен облусунда 42 кишиден вирус чыкты”, — деди Акматова.

Акыркы сутка ичинде коронавирус илдетинен дарыланып жаткан 767 бейтап айыгып, үйүнө чыккан.

18-марттан 5-августка чейин өлкөдө жалпы 38 110 адам коронавирус жуктуруп алган. Ал эми 29 510 адам илдеттен айыккан.

Exit mobile version