Бүгүн АКШда президенттик шайлоо өтөт

Бүгүн АКШда президенттик шайлоо өтөт

Бүгүн, 3-ноябрда АКШда президенттик шайлоо өтөт. 

АКШнын жарандары жакынкы төрт жылда өлкөнү ким башкарарын аныкташат. Президенттикке талапкерлер — учурдагы лидер, республикачылардан Дональд Трамп жана мурдагы вице-президент, демократ Жо Байден.

«АР» чет элдик басылмасынын маалыматына ылайык, буга чейин АКШда мындай курч кырдаалда бир дагы шайлоо өткөрүлгөн эмес. Учурдагы шайлоолор мурунку шайлоолордон айырмаланууда. Анткени расмий добуш берүү күнүнө чейин почта аркылуу добуш бергендердин саны 100 миллионго жакындады. Бул рекорддук көрсөткүч. Мындай көрсөткүчтөр коронавирус пандемиясы менен байланыштуу.

Шайлоочулардын саны 2016-жылы добуш берген шайлоочулардын жалпы санынын 70 пайызына жакындаган. Бүгүн шайлоо участкаларына дагы 10 миллиондон ашык шайлоочу келиши мүмкүн. Бирок шайлоочулардын так катышуусун алдын-ала айтуу кыйын. Тарыхта АКШдагы президенттик шайлоого 140 миллион адам катышкан эмес.  

Белгилей кетсек, президенттикке талапкер Жо Байден учурда 78 жашта. Ал Демократиялык партиянын мүчөсү. Байден Барак Обама менен бир эле мезгилде 2009-жылдын 20-январында кызматына киришкен. Вице-президент болуп шайланганга чейин, ал Делавэрден АКШнын сенатору болгон (1973-2009).

Дональд Трамп 76 жашта. 2017-жылдан бери АКШнын президенти.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>