Бүгүн АКШнын жаңы шайланган президенти Байдендин инаугурациясы өтөт

Бүгүн АКШнын жаңы шайланган президенти Байдендин инаугурациясы өтөт

АКШнын шайланган президенти Жо Байден 20-январга белгиленген инаугурациясынын алдында өзү туулуп-өскөн Делавэр штатында коштошуу сөзүн сүйлөдү.

Иш-чара Жо Байдендин улуу баласы Жозеф «Бо» Байдендин ысымы берилген Делавэр штатынын Улуттук гвардиясынын үчүнчү резервисттер борборунда өттү. 2007-жылдан 2015-жылга чейин Делавэрдин башкы прокурору кызматында иштеген Байдендин уулу оорудан улам көз жумган.

Шайланган президент Делавэр штатын ата-энесине «бардык керектүү нерселерди берген» жер деп атады.

Шайланган президент менен болочоктогу биринчи айым шейшемби күнү кечинде Делавэр шаарынын Нью-Кастл аэропортунан Мэриленддеги «Эндрюс» аскердик базасына барып, ал жерден Вашингтонго кетишти. Шаршемби күнү баш калаада АКШнын 46-президенти ант берет.

Associated Press агенттиги инаугурацияга Дональд Трамп катышпай турганын белгиледи. Ак үй Трамптын коштошуу видеосун Байдендин учагы «Эндрюс» авиабазасына конуп жаткан учурда жарыялады. Анда Трамп жаңы администрацияга бардык жакшылыктарды каалаган. Ошол эле маалда өзүнүн 20 мүнөттүк сөзүндө ал Байдендин аты-жөнүн бир да жолу атаган эмес.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>