Бүгүн Бүткүл дүйнөлүк СПИД менен күрөшүү күнү

Бүгүн Бүткүл дүйнөлүк СПИД менен күрөшүү күнү

Бүгүн, 1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИД менен күрөшүү күнү.

Кыргызстанда Бүткүл Дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө арналган бир айлык өттү. Анын алкагында Республикалык “СПИД” борбору 23-ноябрдан тарта бүгүнкү күнгө чейин Бишкек шаарынын базарларында АИВ, сифилис, В жана С гепатитке жашыруун тестирлөөнү баштаган. Тестирлөө акысыз жүргүзүлдү.

ВИЧ/СПИД кандай жолдор менен жугат:

Үч жол аркылуу гана жугушу мүмкүн жыныстык, ийне, энеден балага. Негизи, ВИЧ суюктуктар аркылуу берилет, көбүн эсе жыныстык катнаш жана кан аркылуу, колдонулган баңги ийнелеринен, кош бойлуу баладан энеге, бирок түрдүү учурлар дагы болушу толук ыктымал, алар: таза эмес медициналык куралдардан, кан куюууда, пирсинг жана татуировка жасоодо кокустук болуп кетсе, бирөөнүн сакал алгычын колдонууда.

Тарыхы:

Биринчи жолу 1981-жылы 5-июнда АКШнын Ооруларга көзөмөл жүргүзүү борбору СПИД деген жаңы ооруну каттаган. Алгач «Төрт-Г» деп аталган адамдын иммундук жетишсиздигинин козгогучу (вирус) бара-бара анын кабылдоосуна (синдром) алып келери, аны менен ооруган адам акыры өмүрү менен кош айтышары аныкталганда гана Бириккен Улуттар Уюму ушул дартка карата каршы күрөшүү күнүн 7 жылдан кийин жарыялаган.

1996-жылы Кыргызстанда бул ооруну алып жүргөн эң биринчи учур катталган.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>