Бүгүн Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуунун акыркы күнү

Бүгүн Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуунун акыркы күнү

Бүгүн, 31-мартта Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктайт.

Салык кызматынын маалыматына ылайык, бүгүн салык органдары салык декларациясын түн ортосуна чейин кабыл алышат.

Эске салсак, салык декларациясын төмөнкүлөр тапшырууга милдеттүү:

— мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер,

— жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр,

— менчигинде салык салынуучу кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлктүн, жер участоктун (короо-жай участкаларынан башка) ээлери,

— юридикалык жакты түзбөй туруп иш жүргүзгөн дыйкан жана фермердик чарбалар.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын 1-апрелине чейин 2019-жыл үчүн салык декларациясын тапшырууга жетишпеген жеке жактар жана жеке ишкерлер 2021-жылдын 1-апрелине чейин – 2019 жана 2020-жыл үчүн эки декларацияны берүүгө милдеттүү.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номурунан же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>