Site icon Reporter.kg

Бүгүн Бишкек шаардык сотунда саясатчы Равшан Жээнбековдун баш коргоо чарасы каралат

Бүгүн, 26-декабрда Бишкек шаардык сотунда саясатчы Равшан Жээнбековдун баш коргоо чарасы каралат. Бул тууралуу Жээнбековдун жактоочусу Замир Жоошев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Маалыматка ылайык, соттук отурум саат 9:30да болот.

Белгилей кетсек, Равшан Жээнбеков 12-декабрда Ички иштер министрлиги (ИИМ) тарабынан кармалган. Аталган органдын басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Жээнбековго Жазык кодексинин 244-беренеси («Барымтага алуу») жана 264-беренеси («Массалык башаламандык уюштуруу») боюнча айып коюлган. 14-декабрда буга дагы бир берене 309-берене (“Бийликти күч менен басып алуу”) кошулганы кабарланган.

Оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбеков 7-8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо маалында Кой-Таш айылында болгону үчүн буга чейин да ИИМге суракка чакырылган.

Exit mobile version