Бүгүн Бишкекте аялдардын укугун коргоо боюнча митинг өтөт

Бүгүн Бишкекте аялдардын укугун коргоо боюнча митинг өтөт

Бүгүн Бишкекте аялдардын укугун коргоо боюнча митинг өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Акциянын катышуучулары саат 12:00дө  Уркуя Салиеванын эстелигинин алдына чогулат. Алар 8-мартта боло тургун жүрүштү үзгүлтүккө учуратып, катышуучуларга кол салгандарга каршылыгын билдирет. Мындан сырткары аялдарга кодулоону токтотуу жана алардын укуктарын коргоо тууралуу чакырыктар айтылат.

8-март күнү “Аялдардын тилектештик жүрүшү” өтмөк. Иш-чара башталарга аз калганда белгисиз адамдар келип акциянын уюштуруучуларынын баракчаларын айрып, чыр чыгарышкан. Андан соң милиция жүрүшкө келгендерди кармап Свердлов райондук милициясына алып кетип, тактоо иштерин жүргүзгөн соң кармалгандарды бошоткон.

Былтыр 8-мартта биринчи жолу Бишкекте өткөн “аялдардын тилектештик жүрүшүнө” ЛГБТ өкүлдөрү да катышкан. Мындан улам бул жүрүш коомдо катуу талкууга алынып, иш-чаранын уюштуруучуларына коркутуулар дагы болгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>