Бүгүн Бишкекте борбордук балатынын оту жанат

Бүгүн Бишкекте борбордук балатынын оту жанат

Бүгүн, 13-декабрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтындагы борбордук балатынын оту жанат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Балатынан отун жандыруу аземи саат 19:00дө болот. Шаардыктарга жаңы жылдык концерт, жаңы жылдык ырлардан куралган попурри сунушталат.

Башкы балаты «Айкөл Манас» эстелигинин чыгыш тарабына орнотулган. Кооздоо иштерин «Бишкексвет» жана «Тазалык» ишканалары алып барууда.

Жаңы-жылдык балатыны жандыруу иш чарасына байланыштуу саат 17:00дөн иш-чара аяктаганга чейин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик проспектисине чейинки бөлүгү жабык болот.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>