Бүгүн Бишкекте Кыргызстан-Жапония футбол боюнча курама командалары беттешет

Бүгүн Бишкекте Кыргызстан-Жапония футбол боюнча курама командалары беттешет

Бүгүн, 14-ноябрда Бишкекте Дөлөн Өмүрзаков атынданы стадиондо Кыргызстан-Жапония футбол боюнча курама командалары беттешет. Оюн саат 17:15те башталат.

Бүгүнкү оюнга билеттердин барыдыгы сатылып бүткөн. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясы билдирди.

«Билети жок күйөрмандарды стадионго келбегиле. Федерация Австралия курама командасы менен беттештеги катаны кайталабоону эскертебиз. ФИФАнын тартип комитети Кыргызстанга үч-төрт эскертүү берген. Эгер кайра эреже бузулса, Кыргызстан курама командасы Бишкекте эмес, көрүүчүлөрсүз, чет жерде ойноп калат», — деп маалымдашты Федерациядан.

Тандап алуу оюндары ушул жылдын 5-сентябрында башталган. Кыргызстан алгачкы беттешинде Тажикстанга 0:1 эсебинде жеңилген. 10-октябрда Бишкекте өткөн экинчи оюнда Мьянманы 7:0 эсеби менен утуп, үч упайга ээ болду.

Учурда F тайпасында Жапония, Кыргызстан жана Тажикстан 6 упай топтошту. Бирок, киргизилген голдордун айырмачылыгы менен Жапония биринчиде баратат, Кыргызстан экинчи орунга чыкты.

2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын алкагында Кыргызстан F тайпасында Тажикстан, Жапония, Мьянма жана Монголия менен ойноп жатат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>