Бүгүн Бишкекте пандемиядагы үй-бүлөлүк зомбулукка каршы жыйын өтөт

Бүгүн Бишкекте пандемиядагы үй-бүлөлүк зомбулукка каршы жыйын өтөт

Бүгүн, 25-ноябрда Бишкекте пандемиядагы гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүүгө арналган конференция өтөт. Иш-чара «Covid-19 пандемиясы учурундагы гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөш: үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу, жетишкендиктер жана сабактар» деген темада болот. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты.

Ошондой эле жыйында АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) тарабынан каржыланган уюмдардын алты айлык долбоорунун натыйжасы талкууга алынат. Иш-чарага эксперттер, мамлекеттик орган жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү чакырылды.

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда үй-бүлө зомбулугу 70% көбөйгөн. Жарым жыл ичинде милицияда 2019 зомбулук учуру катталган. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 65% көп.

2019-жылы өлкөдө үй-бүлөдөгү зомбулукка байланыштуу 5 миңден ашуун факты катталган. 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>