Site icon Reporter.kg

Бүгүн Бишкекте патрулдук милициянын унаасы жол кырсыгына кабылды

Бишкекте патрулдук милициянын унаасы жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиргенин «super.kg» жазды.

Маалыматка ылайык, 22-февралга караган түнү саат 02:00 чамасында Байтик-Баатыр көчөсү менен М.Горький көчөсүнүн кесилишинен патрулдук милициянын “Рено Логан” үлгүсүндөгү автоунаасы менен “Фольсваген- Пассат” үлгүсүндөгү автоунаалар сүзүштү. Натыйжада эки унаа тең айып токтотуучу короо жайга токтотулуп, тийиштүү техникалык экспертиза дайындалды. Жабыркагандар жок.

Exit mobile version