Бүгүн Бишкекте төртүнчү кыргыз-америкалык эки тараптуу консультациялар өтөт

Бүгүн Бишкекте төртүнчү кыргыз-америкалык эки тараптуу консультациялар өтөт

Бүгүн, 31-июлда Бишкекте төртүнчү ар жылдык кыргыз-америкалык эки тараптуу консультациялар өтөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кечээ, 30-июлда Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков АКШ Мамлекеттик катчысынын жардамчысынын орун басары Джонатан Хеникти кабыл алган. АКШ делегациясы кыргыз-америкалык эки тараптуу консультацияларга катышуу үчүн Бишкекке келген.

Тараптар техникалык-экономикалык жана гуманитардык кызматташтык жөнүндө жаңыланган макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүргүзүштү. Ошондой эле биргелешкен практикалык долбоорлордун багыттарын, Кыргызстандан мыйзамсыз чыгарылып кеткен активдерди кайтаруу боюнча кызматташтыкты жандантуу маселелерин талкуулашты.

Америкалык тарап базар экономикасын бекемдөөгө мындан ары дагы көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.        

«Биздин өз ара мамилелерибизди бекемдөө ниетибиз бар. Кыргызстан жетишкен прогрессти көрүүгө кубанычта болдум», — деп белгиледи Дж.Хеник.    

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>