Site icon Reporter.kg

Бүгүн Бишкектин экс-мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун сот иши уланат

Бүгүн, 13-декабрда Бишкектин экс-мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча Ленин райондук сотунда отурум уланат.

Буга чейин мамлекеттик айыптоочу Албек Ибраимовду 20 жылга, Кубанычбек Кулматовду 15 жылга кесүүнү суранган.

Мындан сырткары Бишкектин мурдагы вице-мэри Ренат Макеновду, мэриянын кызматкерлери Урмат Мырзакановду, Бакыт Турусбековду, Азамат Гүлжигитовду 8 жылга, мэриянын коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын мурунку башчысы Сталбек Өмүркановду, «Айкөл курулуш» компаниясынын жетекчиси Сейиткан Алиевди, «Альто Групп» компаниясынын башчысы Кубат Шаршекеевди 15 жылга кесүүнү суранды.

Кубанычбек Кулматов Бишкектин «Калыс Ордо» конушундагы мектеп курулушу боюнча коррупцияга айыпталып жатат.

Албек Ибраимов «Дастан» ишканасы, муниципалдык жер тилкелерин жана  Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке зыян келтирген деп айып коюлууда.

Exit mobile version