Бүгүн кайсы ишкерликтин түрлөрү жанданды? Тизме

Бүгүн кайсы ишкерликтин түрлөрү жанданды? Тизме

Бүгүн, 1-июндан тарта кайсы ишкерликтин түрлөрү жанданганын өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын вице-мэри Азизбек Алымкулов билдирди.

  1. Керектөөчү товарларды жана тамак-аш азыктарын өндүрүү жана соода-сатык чөйрөсүндөгү иштин бардык түрлөрү;
  2. Калкты тейлөө кызматтары тармагындагы иштин бардык түрлөрү;
  3. Аудит жана консалтингдик компаниялар;
  4. Жарнама агенттиктери;
  5. Туристтик жана рекреациялык объекттер (эс алуу үйлөрү, пансионттар, тарыхый жайлар ж.б.), жеке унаалар менен саякаттоо шарты менен.

Ал эми 5-июндан тарта: 1. Бала бакчалар;

2. Билим берүү борборлорунун ишмердүүлүгү (тил курстары жана билим берүү кызматтарынын башка түрлөрү) санитардык-гигиеналык ченемдерди жана окуучулар арасында аралыкты сактоо шарты менен).

8-июндан тарта:

  1. Ички аба каттамы («Бишкек-Ош»).

Төмөнкү багыттар боюнча чектөөлөр калтырылат:

— маданий, спорттук, илимий, үй-бүлөлүк, эскерүү жана массалык иш-чараларын өткөрүү;

— көңүл ачуучу жайлардын ишмердүүлүгү (түнкү клубдар, караоке, кальян ж.б.);

— интернет-клубдардын, ошондой эле компьютердик оюн жайларынын ишмердүүлүгү;

— кинотеатрлардын ишмердүүлүгү;

— соода жана оюн-зоок борборлорунда жайгашкан тамактануу жайларынын (фуд-корттор) ишмердүүлүгү;

— балдар оюн-зоок жайларынын, оюн аянтчаларынын ишмердүүлүгү (анын ичинде соода жана оюн-зоок борборлорунда жайгашкан);

— автобус, кичи автобус менен шаарлар жана аймактар ортосунда жүргүнчүлөрдү ташуу.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>