Бүгүн “Коопсуз шаардын” экинчи этабын ишке ашыра турган компания тандалат

Бүгүн “Коопсуз шаардын” экинчи этабын ишке ашыра турган компания тандалат

Бүгүн Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинде “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабын ишке киргизе турган компания тандалат. Бул тууралуу РЕПОРТЕР агенттигине өздүк булактар билдирди.

Ал эми аталган комитеттин төрагасынын орунбасары Кубаныч Шатемиров, маалыматты четке какты.

 “Бүгүн болбойт. Маалыматты кайдан алдыңар? Боло турган күнү биз атайы маалымат таратабыз, бирок компанияны тандап алуу жабык өтөт. Мамлекеттик сатып алуу мыйзамына ылайык биз азыр эч кандай маалымат бере албайбыз”, — деди Шатемиров.

  Конкурска 4 команда  катышып жатканы жана алардын бирин тандап алуу ушул жума боло турганы буга чейин айтылган.

Долбоорду ишке ашырууга талапкер командалар.

  • “Маалымат системасынын коопсуздугу” компаниясы. (Орусия),
  • “Вега” концерни компаниясы. (Орусия)
  • “Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd” компаниясы. (Кытай)
  • “ALT Technology LLC” компаниясы. (Бириккен Араб Эмираттары).

Белгилей кетсек, “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабы бүтүндөй өлкөнү камтыйт. Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитети экинчи этапты ишке ашыруу үчүн 8-майда тендер жарыялаган. Конкурска катышуу боюнча берилген арыздар 27-июнда ачылган. 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>