Бүгүн «Кумтөрдүн» ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссия жыйын өткөрдү

Бүгүн «Кумтөрдүн» ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссия жыйын өткөрдү

“Кумтөр” алтын кенинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча мамлекеттик комиссиянын кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан билдиришти.

Комиссиянын мүчөлөрү жакында эле «Кумтөр» алтын кениндеги жүргүзүлүп жаткан иштер, андан соӊ Бишкек менен Кара-Балта шаарларындагы алтын аралашмаларынын анализдерин чыгара турган лабораториялардын азыркы абалы менен жеринен таанышып келдик. Жыйынтыгында тоо-кен тармагында заманбап жаӊы технологияларды колдонуу зарылдыгына көзүбүз жетти. Бул тууралуу комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров “Кумтөр” алтын кенинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча мамлекеттик комиссиясынын кезектеги отуруму өтүп жатканда билдирди.

Өткөн апта аралыгында комиссия «Кумтөр» алтын кени боюнча буга чейинки түзүлгөн комиссиялардын тыянактарын иликтеп, эки тараптуу келишимдерди, алардын каржы-экономикалык оӊ жана терс жактарын, Жогорку Кеңеш менен Өкмөттүн токтомдорунун аткарылышын талдап чыккан. Тилекке каршы, «Центерра Голд» компаниясы 2014-жылдан бери отчетторун жалаӊ англис тилинде берип келаткандыктан, текшерүү учурунда кыйла кыйынчылыктар жаралып жатканы белгилүү болду.

Комиссия башчысы Акылбек Жапаров өкмөт өкүлүнө келерки отурумда «Кумтөр» алтын кенинен түшкөн каражаттардын кайда жана кантип жумшалганы тууралуу маалымдар кылуу тапшырмасын берди.

«Каражат жумшалып кеткен дедиӊер. Эми анын кандай документтердин негизинде жумшалганын аныктап бергиле», — деп кошумчалады ал.

Ал эми депутат Каныбек Иманалиев алтын кениндеги геологиялык чалгындоо жумуштарын жүргүзүүгө бөлүнгөн 20 млн доллар каражаттын кандай жумшалганын да текшерүү зарылдыгына токтолду.

«Каржат каралса, толугу менен жумшалса, анан кошумча алтын табылбаса, кандайдыр бир тийиштүү чаралар көрүлүш керек да», — деди ал.

Эске салсак, Жогорку Кеӊеш 2021-жылдын 17-февралында “Кумтөр” алтын кенинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзгөн, андан кийин ал мамлекеттик комиссия болуп кайра түзүлгөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>