Бүгүн, 1-ноябрда кыргыз милициясынын түзүлгөнүнө 95 жыл болду. Милиция кызматкерлерин куттуктоо аземи Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда өтөт.
Эске сала кетсек, Кыргыз милициясы Кара-кыргыз автономиялуу облусунун революциялык комитетинин чечиминин негизинде 1924-жылдын 1-ноябрында түзүлгөн.