Бүгүн Кыргызстанда коронавирустан бир аял каза болду

Бүгүн Кыргызстанда коронавирустан бир аял каза болду

Өткөн сутка ичинде Бишкектеги Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасында COVID-19 вирусунун оор формасынан 67 жаштагы 1 аял каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

Маркумдун буга чейинки өнөкөт оорулары дагы козголуп, абалы начарлап кеткен.

“Каза болгон аялда эки тараптуу пневмония, полиоргандык жетишсиздик синдрому жана баш мээсинде шишик диагноздолгон. Мындан тышкары бейтап порталдык гипертензиясы менен боордун циррозунан жана эксудативдик плевриттен жабыр тарткан,” — деп билдирди Үсөнбаев.

Кыргызстанда коронавирустан каза болгондордун саны 12ге жетти.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>