Site icon Reporter.kg

Бүгүн кыргызстандык мушкерлер Бахрейнде беттеш өткөрөт

Бүгүн, 11-мартта кыргызстандык үч мушкер Бахрейнде орун алуучу Brave CF уюмунда беттеш өткөрүшөт. Бул тууралуу мелдештин расмий баракчасында жарыяланды.

BRAVE CF 47. Asian Domination мелдешинин негизги кармашында Кубанычбек Абдисалам уулу UFC уюмунун экс-мушкери филиппиндик Роландо Дай менен таймашат.

Мындан сырткары, мекендешибиз Немат Абдрашитов россиялык Анзор Абдулхожоев менен кармашса, Рыскулбек Ибраимов казакстандык Асу Алмабаев менен кез келет.

Кубанычбек Абдисалам уулу Brave CF уюмунда буга чейин эки беттеш өткөрүп, баарында мөөнөтүнөн мурда жеңишке жеткен.

 

Exit mobile version