Бүгүн, 30-мартта Кыргызстандын аймагында коронавирусту жуктурган жаңы 10 учур катталды. Бул тууралуу республикалык штабдын жыйынында биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов билдирди.
Маалыматка ылайык, вирусту жуктургандардын бардыгы Жалал-Абад облусунун жашоочулары.
Бүгүнкү күнгө карата коронавирусту жуктурган жалпы 94 киши болду.