Бүгүн Мамлекеттик тилдин кабыл алынганына 31 жыл толду

Бүгүн Мамлекеттик тилдин кабыл алынганына 31 жыл толду

Бүгүн  Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тилдин кабыл алынганына 31 жыл толду.

Тактап айтканда, 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамын кабыл алып, андан соң кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамын берген. 1994-жылы мыйзамга толуктоо киргизилип, орус тилине расмий тил макамы берилген. Бул — өлкөдө мамлекеттик тил менен катар Кыргызстанда жашаган башка улуттардын да тилдери өнүгүп жатат дегендик.

Кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамынын берилиши-адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө, ошону менен бирге коомдун руханий жаңылануусуна, жаңыча ой жүгүртүүсүнө, эне тилдин кадырын көтөрүүгө ташталган зор кадам болгон.

Бул майрамды утурлай, мамлекеттик деңгээлде атайын иш-чаралар өткөрүлүп, кыргыз тилин өнүктүрүү, үйрөтүү маселелеринин тегерегинде талкуулар болуп турат.

Reporter.kg маалымат агенттигинин жалпы жамааты бардык кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктайт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>