Бүгүн Матраимовдордун үч медиага жазган арызы боюнча алгачкы соттук отурум болот

Бүгүн Матраимовдордун үч медиага жазган арызы боюнча алгачкы соттук отурум болот

Бүгүн, 19-декабрда Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн “Азаттык”, “Kloop.kg”, 24.kg жана кабарчы Али Токтакуновго каршы жазган арызынын негизинде алгачкы сот отурум болот.

Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдиргендей, отурум Свердлов райондук сотунда, саат 14:00дө башталат.

Белгилей кетсек, Матраимовдордун үй бүлөөсү 9-декбарда үч басылманы жана журналистти сотко берип, жалпы өлчөмү 60 миллион сомдук доо койгон.

Свердлов райондук соту 10-декабрда басылмалардын банк эсептерин камакка койгон. Коомчулуктун талкуусунан кийин Матраимовдордун адвокатынын арызынын негизинде эсептер кайра камактан чыгарылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>