Бүгүн медициналык кадрлардын резервине тартылган адамдарды окутуу башталат

Бүгүн медициналык кадрлардын резервине тартылган адамдарды окутуу башталат

Кыргызстанга COVID-19га байланыштуу түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, азыркы учурда кадрлар резервине киргизүү үчүн медицина кызматкерлеринин тизмеси түзүлдү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан маалымдашты.

Жалпысынан тизме боюнча 870 адам, алардын ичинен Бишкек шаары боюнча – 518, Чүй облусу – 42, Ысык-Көл облусу – 76, Талас облусу – 70, Нарын облусу – 67, Жалал-Абад облусу – 8, Баткен облусу – 48, Ош и шаары жана Ош облусу – 41, анын ичинде 207си медициналык билим берүү уюмдарынан.

Бардыгы болуп резервде 302 ординатор бар.

Резервдегилердин мультидисциплинардык медициналык бригадаларын окутуу үчүн 5 күндүк программа иштелип чыкты.

Стационарлардын жана жогорку окуу жайларынын кафедраларынын базасында практикалык сабактарды өтүү менен аралыктан окутуу пландалууда. Окутуу бүгүн, 30-июнда башталат.

Сүрөт: интернеттен алынды

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>