Site icon Reporter.kg

Бүгүн Молдакун Абдылдаевдин аялынын жана уулунун сөөгү жерге берилет

Өкмөттүн  Чүйдөгү өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы Молдакун Абдылдаевдин аялынын жана уулунун сөөгү бүгүн, 15-июлда жерге берилет. Бул тууралуу кызы Индира жазды. 

Маркумдун жубайы Тинатин Шадыканованын сөөгү 10-июлда, уулу Илимдин сөөгү 14-июлда табылган болчу.

Аларды акыркы сапарга узатуу зыйнаты 10:00дө Бишкектеги Кара-Жыгач жаңы конушунда өтөт.

Белгилей кетсек, Абдылдаев үй-бүлөөсү жана айдоочусу менен 30-июнда Суусамырга Кожомкулдун 130 жылдыгына баратып, унаасы менен Көкөмерен дарыясына агып кеткен. Көкөмерен суусуна кулаган унаада жалпы 5 адам болгон. Унаа менен кошо сууга аккан үч адамдын, Молдакун Абдылдаев, айдоочу жана 8 жашар кызынын сөөгү табылып жерге берилген. 

Exit mobile version