Бүгүн Мукар Чолпонбаевдин сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат

Бүгүн Мукар Чолпонбаевдин сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат

Жогорку Кеңештин мурдагы спикери, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаевдин сөөгү 25-майда саат 10:00дө Бишкек шаарындагы «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат. Бул тууралуу маркумдун кызы Нуриля Чолпонбаева билдиргенин «Азаттык» жазды.

Анын сөзүнө караганда, коомдук ишмерди акыркы сапарга узатуу зыйнатына маркумдун жакындары гана катышат.

Кечээ, 24-майда Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында 70 жашында Мукар Чолпонбаев коронавирус инфекциясынан каза болгон. Коронавирустун айынан анда эки тараптуу пневмония, дем алуу жетишсиздиги жана башка бир катар өнөкөт оорулар өрчүп кеткен. Ал ошондой эле жүрөк, бөйрөк жана кан тамыр илдеттеринен жабыр тартчу.

Чолпонбаев ооруканага 5-майда жаткырылып, ден соолугу начарлагандыктан кайра жандандыруу бөлүмүнө которулган, кечээ12:10дө көрүлгөн реанимациялык чараларга карабастан ал COVID-19 вирусунан каза тапкан.

Кыргызстанда COVID-19 вирусунан жалпы 15 адам көз жумду.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>