Бүгүн Бишкектеги Улуттук филармонияда “Ордо Сахна” фольклордук-этнографиялык театрынын 20 жылдыгына арналган концерт болот. Бул тууралуу театрдын Фейсбуктагы баракчасына жарыяланган.
“Юбилейлик концертте этникалык кийимдердин коллекциялары, бий, ошондой эле «Ордо сахна» театрынын репертуарындагы эң мыкты чыгармалар аткарылат”, — деп жазылган анда.
Ордо-сахна этно фольклордук ансамбили 1999-жылы негизделген.
Ансамбль кыргыздын фольклордук музыкасын кайра иштеп чыгып, дүйнө жүзүнө таанытуу менен бирге, улуттук руханий казынага салым кошуп келет.