Орусиядан 400 кыргызстандык учуп келе жатат

Орусиядан 400 кыргызстандык учуп келе жатат

Бүгүн, 29-мартта Орусиядан Кыргызстанга 400 жаран учуп келишет. Өлкөгө кайтып келе жаткандар мындан 2 саат мурда учакка отурушкан. Бул тууралуу Кыргызстандын  Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Шереметьево» аэропортунда өлкөгө кайтабыз деп калган жарандардын 60 пайызы, тагыраагы, 400 Кыргыз жараны өлкөгө кайтышты. Алар 2 саат мурда учушту. Жарандарыбызды өлкөгө кайтаруу үчүн аз орундуу учак сунушталган. Бирок кыргыз өкмөтүнүн, президенттин администрациясынын, элчиликтин сунушу менен 400 орундуу учак берилди. Жарандарды Бишкек шаарына чейин жеткирүүнү «Аэрофлот» авиакомпаниясы колго алды», — деди маалымат катчы.

Коронавирустун күч алганына байланыштуу Орусия 27-марттан баштап бардык өлкөлөр менен болгон аба каттамдарын расмий түрдө белгисиз мөөнөткө токтоткон.

Булак: super.kg

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>