Site icon Reporter.kg

Бүгүн Орусиядан Спутник V” вакцинасынын алгачкы партиясы келет

Бүгүн, 22-апрелде Кыргызстанга орусиялык “Спутник V” вакцинасынын 20 миң дозасы келет. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришкендей, вакцина Бишкектин “Манас” аэропортуна саат 15:15те келип түшөт. Иш-чарага биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков жана Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко катышат.

Вакцинаны жеткирүү президент Садыр Жапаровдун 24-25-февралда Москва шаарына жасаган иш сапарынын жүрүшүндө жетишилген келишимдердин алкагында ишке ашырылган.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, вакцина келип түшкөндөн кийин кайсы категориядагы адамдарга сайылары боюнча чечим кабыл алынат.

Exit mobile version