Бүгүн Парижде Зеленский менен Путин жолугат

Бүгүн Парижде Зеленский менен Путин жолугат

Бүгүн, 9-декабрда Парижде Донбасстагы абалды жөнгө салуу боюнча “Норманд форматында” жолугушуу өтөт.

Украина, Германия, Франция жана Орусия Украинанын чыгышындагы куралдуу жаңжалды токтотуу жолдорун аныктоо үчүн акыркы үч жылдан бери биринчи жолу сүйлөшүү өткөрөт.

“Норманд төрттүгү” саммитинин алдында Киевде нааразылык акциясы өттү. AFP маалымдагандай, ага беш миңдей киши катышты.

Манифестация өткөрүүнү Жогорку рададагы оппозициячыл «Европа Тилектештиги», «Батькивщина», «Голос», «Свобода» фракцияларынын депутаттары демилгелеген. Алар Зеленскийди бул кездешүүдө Украинанын позициясын бекем коргоого жана «кызыл чектен» өтпөөгө чакырып жатышат.

Бир күн мурда украин оппозициясы бул «чектердин» тизмесин жарыялаган. Ага ылайык, Путин менен кездешүүдө Украинанын аймактык бүтүндүгүнүн сакталышына басым жасалышы керек; федералдашууга жол берилбеши зарыл; Украина Европага багыт алган саясатынан кайтпайт; Крым Украинага кайтарылышы керек; Украинанын Орусиянын кадамдарына байланыштуу эл аралык соттогу доосу токтотулбайт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>