Бүгүн, 17-февралда парламентте Конституциянын жаңы долбоору талкууланат. Бул тууралуу өткөн жыйында Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов билдирген.
Конституциялык кеңешме Башмыйзамдын жаңы долбоорун 27-январда кабыл алган.
3-февралда спикер Талант Мамытов Конституциянын жаңы долбоору парламентке келип түшкөнүн айткан.