Бүгүн саясатчы Бектур Асанов ачкачылык жарыялайт

Бүгүн саясатчы Бектур Асанов ачкачылык жарыялайт

Саясатчы Бектур Асанов бүгүн, 27-ноябрь саат 17:00дөн тарта мөөнөтсүз кургак ачкачылык жарыялайт. Бул тууралуу саясатчы 26-ноябрда журналистерге кайрылып жатып билдирген.

Бектур Асанов ачкачылык жарыялоонун себебин тушүндүрдү.

«Борбордук шайлоо комиссиясы менин документтеримди кайтарып берүүсү жана соттун 10-декабрга жылдырылышы. Бул саясий куугунтук деп баалайм. Бизди каралаган, бизди колдогондорду зомбулукка алгандар Садыр Жапаровдун командасы, аны колдогондор болуп жатат. «Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт» дегендей ботторду каржылап, аларды көзөмөлдөгөн Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарова экени да айтылууда», — деп белгиледи.

БШКнын комиссиясы 19-ноябрда президенттикке талапкер 12 адамдын документин артка кайтарган. Алардын ичинде Бектур Асановдун документи соттуулугу жоюла электигине байланыштуу кайтарып беришкен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>