Бүгүн Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин төрагасы Жумабеков менен жолукту

Бүгүн Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин төрагасы Жумабеков менен жолукту

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-сентябрда, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков менен өлкөнүн парламентинин кезектеги сессиясы башталганына байланыштуу жолугушту. 

Өлкөнүн мыйзам чыгаруучу базасын жана республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн жакшыртуу боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчы Жогорку Кеңештин төрагасын парламенттин кезектеги сессиясынын башталышы менен куттуктады. Ошондой эле бул сессия депутаттар үчүн өзгөчө мааниге ээ жана алтынчы чакырылыштын жыйынтыктоочу сессиясы болуп саналаарын кошумчалады.

Мамлекет башчы  Өкмөт жана башка мамлекеттик органдар менен конструктивдүү аракеттенишүү зарылдыгын белгиледи.

Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жакын арада парламенттин алдында турган пландар тууралуу айтып берди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>